Алматынын тургундары менен мегаполис меймандары көчмөндөрдүн бай маданияты менен тааныша алышты. Алматыда «Улуу талаа – көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалы өттү. «Боралдай сак коргондары» археологиялык сейил багында катар тизилип, казак оюулары менен кооздолгон түркүн түстүү үйлөр иш-чаранын көркүн ачып, ооздугу менен алышкан аргымактар рух майрамынын шаңын арттырды. Иш-чаранын башында турган Алматы шаарынын акимчилиги байыркы замандын түпкү атмосферасын жандандыра алды. 2 күн бою 10 000ден ашуун коноктор Улуу талаа - көчмөндөрүнүн дүйнөсүнө кирип, казак ашканасынын унутта калган тамактарынан даам татып, улуттук маданияттын тиреги саналган көк бөрү, эр эңиш, кыз куумай, тушоо кесүү салттарына күбө болушту. Фестивалда 10дон ашык өлкөнүн эң мыкты этникалык музыканттары жана спортчулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков