Сенат Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен соода алмашуудагы тоскоолдуктарды жоюунун тартибин жана шарттарын аныктаган документти жактырды. Бүгүнкү күндө бирдиктүү мейкиндиктин аймагына кирген өнүмдү жөнгө салууга байланыштуу 50дөн ашык техникалык регламент бар. Алардын 46сы күчүнө кирди. Башкалары 2025-жылга чейин бекитилет деп күтүлүүдө. Өткөн жылы эле Казакстандын ЕАЭБке кирбеген өлкөлөр менен соодасы 50 миллиард долларга жакындады. Бул 21-жылга салыштырмалуу 33,5%га жогору. Ошол эле учурда экспорттун үлүшү аз эмес. Андагы өсүш 24 жарым пайызды түздү. Иштелип чыккан ата мекендик товарлар негизинен Кытай, Өзбекстан, Түркия жана Нидерландыга жөнөтүлөт. Адистер келечекте өлкөдө өндүрүлгөн өнүмдүн экспорту 10%га көбөйүшү мүмкүн деп болжолдошууда. Буга аталган келишим шарт түзмөкчү.
Серик Жумангарин, соода жана интеграция министри:
Макулдашууну кабыл алуу Биримдикте жана үчүнчү өлкөнүн аймагында белгиленген милдеттүү талаптардын салыштырылышын аныктоо негизинде шайкештикти баалоо натыйжаларын өз ара таанууга шарт түзөт. Ошондой эле келишимде мүчө мамлекеттерде жана үчүнчү өлкөлөрдө колдонулган шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо процедураларынын альтернативдүүлүгүн камсыз кылуу каралган. Сунушталган ыкма ата мекендик өнүмдү алдыга жылдырууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков