«Аркадаг» түркмөн футбол клубу өз тарыхында алгачкы ирет эл аралык байгеге ээ болду

«Аркадаг» түркмөн футбол клубу өз тарыхында алгачкы ирет эл аралык байгеге ээ болду

Түркмөн футбол клубу «Аркадаг» тарыхында биринчи жолу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Команда Азия футбол конфедерациясынын чакырык Лигасынын Кубогун жеңип алды. Бул Азиядагы үчүнчү маанилүү клубдук турнир. Түркмөнстандын өкүлдөрү финалдык жолугушууда Камбоджа командасын 2:1 эсебинде утту. «Аркадаг» клубу эки сезон бою өлкө чемпиону болду. Улуттук Кубоктун жана Суперкубоктун ээси болгон. Ал эми чакырык Лигасын утуп алуу команданын куржунундагы төртүнчү эң жогорку сыйлык. Түркмөнстан эл аралык футбол федерациясы, Азия футбол конфедерациясы жана эл аралык олимпиада комитети менен активдүү мамиле орноткон.

 

Шаназар Тиркешов, АФК чакырык лигасынын мыкты оюнчусу:


- Бул жеңиш «Аркадаг» үчүн гана эмес, жалпы түркмөн футболу үчүн да тарыхый окуя болду. Биз эки жыл мурун эле кызуу мелдештерге киришкенбиз. Ошентсе да, бул биздин биринчи эл аралык сыйлыгыбыз. Турнирдин мыкты оюнчусу болуу сыймык. Чындыгында, бул жеңиш бүт команданын ишинин натыйжасы. Ийгиликке жетүү үчүн, ар бирибиз колубуздан келгендин баарын жасап, өз салымыбызды коштук.

Которгон: Илгиз Жамалбеков