Жылытуу мезгилине байланыштуу ар бир аймактын жол картасы бекитилет

Жылытуу мезгилине байланыштуу ар бир аймактын жол картасы бекитилет

Жылытуу мезгилине карата ар бир облус боюнча жол картасы иштелип чыгат. Мындай тапшырманы премьер-министр өкмөттүн жыйынында облус акимдерине тапшырды. Кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары документке мүмкүн болушунча киргизилиши керек. Тактап айтканда, жаңы жылуулук борборлорун куруу, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо жана капиталдык оңдоо иштери аныкталды. Ошондой эле, авария болгон учурда аймактык коммуналдык кызматтардын жана жылуулук борборлорунун иштөөсүнүн ар бир кадамы жазылган алгоритм бекитилиши керек. Өнөр жайды санариптештирүү жана жылытуу системаларын автоматташтыруу деңгээлин жогорулатуу маанилүү, дейт Алихан Смаилов. Кырсыктарды болтурбоо үчүн инфраструктуранын абалы жана керектелген жылуулук энергиясынын саны жана сапаты тууралуу так маалыматтар болушу зарыл. Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө күйүүчү майдын сарпталышы көңүл сыртында калбашы керек. Муну менен катар өкмөт башчы көмүр менен камсыздоону бир системага киргизүүнү тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Ички көмүр рыногунда дүрбөлөңгө түшпөө үчүн облустун акимчиликтери 2 жумалык мөөнөттө көмүр даярдоо жана сатуу пункттарынын абалын, сапатын, жеткирүү графиктерин, баанын негиздүүлүгүн текшерип чыгышы керек. Индустрия министрлиги Казакстан темир жолу менен бирдикте көмүрдү ташып келүү үчүн зарыл сандагы вагондорду камсыз кылууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков