Казакстан президенти мунай-газ тармагынын кызматкерлерин куттуктады

Казакстан президенти мунай-газ тармагынын кызматкерлерин куттуктады

Казакстандын мунай-газ тармагынын 200 миң кызматкери алдыдагы жекшембиде кесиптик майрамын белгилешет. Бул күндүн алдында отун-энергетика тармагынын ардагерлери жана мыкты кызматкерлери Акордада ардактуу конок болушту. Салтанаттуу аземде Касым-Жомарт Токаев аларды куттуктап, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Казакстандын президенти мунай-газ комплексинин улуттук экономикадагы өзгөчө ролун белгиледи. Өткөн жылы бул тармактын түзүлгөнүнө 125 жыл толду. Эгемендүүлүк жылдарында мунай өндүрүү 4 эсеге өстү жана жакында жылына 100 миллион тоннага жетет. Мамлекет башчысы терең кайра иштетүүгө да чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мисалы, үч ири мунай иштетүүчү завод модернизацияланды, Кашаганда жаңы газды кайра иштетүүчү ишкананын жана Бейнеу – Бозой – Шымкент газ куурунун экинчи линиясынын курулушу жүрүп жатат. Ири мунай-газ химиялык долбоорлорун ишке киргизүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, ири деңиз кендерин – «Каламкас-деңиз» жана «Хазарды» өздөштүрүү башталууда. Бул жакка алты миллиард доллардан ашык инвестиция салынды. Маанилүү факт – деңиз платформаларын куруу ата мекендик кеме куруучу жайларда жүргүзүлөт. Бул долбоорлордун баары өлкөнүн энергетикалык дараметин чыңдоого жана экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Которгон: Илгиз Жамалбеков