Биз жөнүндө
Silk Way
SilkWay - Jibek Joly телеканалынын эл аралык спутниктик таралуусу. SilkWay – Казакстан Республикасындагы биринчи улуттук телеканал, спутник аркылуу көрсөтүлөт. Каналдын мазмуну толугу менен ата мекендик өндүрүштөн турат.
Канал бир нече тематикалык телеберүүлөр менен бирге Казакстандын маданияты, тарыхы, каада-салты, туризми жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу берүүлөрдү да даярдайт. Телеканал ошондой эле күнүмдүк Казакстан жана Борбор Азиядагы жаңылыктарды бир катар маалыматтык берүүлөрдү таратып турат.
Казакстандагы биринчи спутниктик эл аралык телеканал 2002-жылдын тогуздун айынын 25инде казак, орус жана англис тилдеринде көрсөтө баштады. 2018-жылдан тарта кыргыз, өзбек тилдери жана 2024-жылы түрк тили кошулду. Буга байланыштуу санариптик телеканалдын ар бир көрүүчүсү өзүнө керектүү дыбыш жолунан 6 тилдин бирин тандап, теле өнүмдү 100% көрө алат. Канал сигналы дүйнө жүзү боюнча 118 өлкөдө жеткиликтүү. 2025-жылдын аяк оона айында телеканал англис тилиндеги "New time" маалыматтык-аналитикалык программасын баштаган. Мындан тышкары каналдын берүүлөрү «Green frontier», «Road to Gold» сыяктуу жаңы долбоорлор менен толукталды.

