Казакстандык окуучулардын дүйнөлүк аренадагы тарыхый
ийгилиги! Улуттук курама команданын бардык беш катышуучусу Колумбияда өткөн
56-Эл аралык физика олимпиадасында алтын медаль утуп алышты. Быйылкы мелдешке
дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 380ден ашык окуучу катышты. Катышуучулар эң татаал
теориялык жана эксперименталдык тапшырмаларды чечүүсү керек эле. Казакстандык
команда бардык сыноолордон ийгиликтүү өтүп, абсолюттук жыйынтык көрсөттү. Ата мекендик
курама команда бул жетишкендикке үч жыл бою даярданып келген. Окуучуларды мугалимдер,
насаатчылар жана улуттук машыктыруучулар даярдашты. Белгилей кетсек, дүйнөдөгү
эң беделдүү олимпиадалардын бирине Казакстан 1997-жылдан бери катышып келет.
Өткөн жылы улуттук курама команда эки күмүш жана үч алтын медаль менен кайтып
келген.
Шынар Акпарова, Казакстан Республикасынын окуу жана
агартуу вице-министри:
– 2019-жылдан баштап, президент Касым-Жомарт Токаевдын демилгеси менен Казакстанда таланттуу балдарды колдоо, эл аралык олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү жана мугалим кесибинин беделин жогорулатуу боюнча тутумдуу иштер жүргүзүлүүдө. Казакстандык окуучулардын дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери өлкөнүн Конституциясында бекитилген адам капиталын өнүктүрүү, билим берүүгө жана илимге инвестиция салуу багытындагы саясаттын натыйжаларынын бири болуп саналат, ал мамлекеттин негизги артыкчылыктары катары белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

