«Талаа карышкыры» Брюсселдеги кинофестивалда баш байгеге ээ болду

Европадан сүйүнүчтүү кабар. Эми бир ата мекендик киноиндустриянын эмгеги бүткүл дүйнөгө таанылды. Казакстандык режиссёр Адилхан Ержановдун «Талаа карышкыры» аттуу тасмасы Бельгияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. «Golden Raven Award»  кино жаатында эски континенттеги эң беделдүү сынактардын бири. Тасманын сюжеттик окуялар желеси өз баласын уурдап алган эненин уулун табуу жолундагы кылмышкерлер менен алпуурушканын баяндайт. Тасма Алматы жана Жетису облустарында тартылган. Белгилей кетсек, «Талаа карышкыры» аттуу картинанын дүйнөлүк бет ачары Роттердамда өттү. Ал эми буга чейин Реймстеги «Polar» фестивалында француз киносынчыларынан сыйлык алган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков