Казакстандын экономикасынын өсүшүнө негизги түрткү берген – мунай эмес сектор

Казакстандын экономикасынын өсүшүнө негизги түрткү берген – мунай эмес сектор

Казакстандын экономикасы туруктуу өнүгүүсүн улантууда. Жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДӨ 4,1% өстү, ал эми реалдуу сектордогу өсүш 5,1% чейин ылдамдады. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул жерде мунайзат эмес сектор чоң роль ойногон. Ошентип, негизги драйверлер болуп кайра иштетүүчү өнөр жай, курулуш, транспорт, соода жана айыл чарбасы саналат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча баяндаманы Өкмөттө вице-премьер-министр – улуттук экономика министри Серик Жумангарин сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө инвестициялык активдүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда. Ошентип, үчтүн айы-кулжа айларында негизги капиталга салынган инвестициялар дээрлик 10% өстү, ал эми жеке инвестициялардын көлөмү 21% ашык көбөйдү. Өкмөт ошондой эле айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортунун өсүшүн белгилейт. Ошентип, алгачкы 4 айда Казакстан чет өлкөлүк рынокторго 3 миллиард долларга айыл чарба өнүмдөрүн жеткирген, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36% көп. Ишкердиктин субъекттеринин санынын көбөйүшү жана бюджеттик кирешелердин оң динамикасы да байкалууда. Жылдын аягына чейин Өкмөт экономиканын өсүшүн 5% кем эмес деңгээлде камсыз кылууну күтөт.

Серик Жумангарин, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, улуттук экономика министри: 

– Экономикалык өсүштү алдын ала камсыздоо саясаты уланууда. Артыкчылыктуу тармактарды каржылоо үчүн «Байтерек» холдингине бюджеттен 1 трлн теңгенин 398 млрд теңгеси бөлүнгөн. Холдинг тарабынан 5,1 трлн теңгелик долбоорлор каржыланган. Кошумча катары, Улуттук экономика министрлиги бардык негизги чийки эмес заттар боюнча 10 кеңейтилген тармактык анализ даярдады. Анын негизинде металлургия, мунай-газ химиясы, көмүр химиясы жана агроөнөр жай комплексинде келечектүү 231 долбоор тандалып алынды. Жалган куран айынан бери жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында 40 эл аралык компания кызыгуусун билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков