ЮНИСЕФ
Казакстандын эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу, тактап айтканда, туруктуу
өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жаатындагы аракеттерин жогору баалайт. Муну
республиканын мамлекеттик кеңешчиси менен жолугушууда БУУнун Европа жана
Борбордук Азия боюнча Балдар Фондунун аймактык мүдүрү Реджина Де Доми-ни-чис
белгиледи. Ерлан Карин балдарды коргоо чөйрөсүндө өлкөнүн негизги реформалары
тууралуу айтып
берди. Алсак, Казакстанда психологиялык жана үй-бүлөлүк колдоо борборлорунун
тармагы өнүгүүдө, зомбулуктун жана бейбаштыктын алдын алуу боюнча жаңы ыкмалар
киргизилүүдө. Мындан
тышкары, «Казакстан балдары» комплекстүү программасы иштелип жатат – ал
чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын бардык багыттарын бириктирет. Жыйында балдардын
укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева да «Safe Kids» улуттук
программасын тааныштырды. Өз кезегинде Реджина Де Доми-ни-чис ЮНИСЕФтин жаңы
аймактык демилгелердин алкагында кызматташууга даярдыгын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

