Мектеп окуучусу эл аралык сынакта мыкты аталды

Мектеп окуучусу эл аралык сынакта мыкты аталды

Казакстандык окуучу Түштүк Кореяда өткөн робототехника боюнча эл аралык сынакта жеңишке жетти. Жахангир Аушахманов Пхёнчханда «Джуниор» номинациясында мыкты деп табылып, дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн келген катышуучуларды артта калтырды. Ал өзүнүн Ева аттуу роботун кылдаттык менен иштеп чыккан. Ар бир бөлүгүн 3D принтерде жасаган. Ал эми анын программасын иштеп чыгууга мугалими жардам берген.

 

Жахангир Аушахманов, №103 мектеп-лицейинин окуучусу:

- Бул робот Валли мультфильминен алынган. Атап айтканда, аты Eвa. Бул робот театралдык көрсөтүүгө ылайыкталган, башкача айтканда, стейдж номинациясына туура келет.

 

Тимур Мухтаров, №103 мектеп-лицейинин мугалими:

- Азыр балдар робототехникага абдан кызыгат. Себеби, бул тармак тез өнүгүп келе жатат. Бул жөн гана информатика жана программалоо эмес. Бул чыныгы инженердик тармакка айланды. Биз албетте, программаны унутпайбыз, четке какпайбыз. Бирок багытты ар тараптандырып, 3D сыяктуу өндүрүштүк багытка жол баштайбыз. Мунун аркасында биздин балдарыбыз келечекте чыныгы инженер болуп чыгышат.

 

Эми 14 жаштагы карагандылык окуучу өзүнүн сүрөтчү роботунун программасын өзгөртүп, андан экологиялык коргоочуну жасоону пландоодо. Себеби, окуучунун айтымында, экология жана климаттын өзгөрүү көйгөйлөрү бүткүл дүйнө үчүн абдан актуалдуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков