Казакстан суу инфраструктурасын модернизациялап жатат.
Өлкөдө 42 жаңы суу сактагыч курулуп, 37 гидротехникалык курулуш жана 14,5 миң чакырым
сугат каналы реконструкцияланмакчы. Үч жаңы суу сактагычтын курулушу башталды,
дагы эки объект аяктоо баскычында турат. Акыркы
эки жыл ичинде болжол менен бир жарым миң чакырым канал оңдоп-түзөөдөн өттү, ал
эми 2026-жылдын соңуна чейин дагы миң чакырымга жакын канал толугу менен
жаңыланат. Бул 200 миң
гектарга жакын сугат жерин суу менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берет. Тармакка
жооптуу министрликтин маалыматы боюнча, бул долбоорлордун ишке ашырылышы жаңы
жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө жана
тармактын кадрдык потенциалын чыңдоого кошумча дем берет.
Анель Жакайм, Суу ресурстары жана
ирригация министрлигинин серепчиси:
– Жумуш
орундарын түзүү аймактарда, айрыкча айыл жерлеринде жашоо шарттарын жакшыртат.
Суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү тармакка жаңы квалификациялуу кадрларды
тартууга да мүмкүндүк берет. Учурда болжол менен 2700 студент сууга байланыштуу
адистиктер боюнча билим алууда. «Казводхоз» республикалык мамлекеттик
ишканасынын филиалдарында тажрыйбадан
өткөн студенттердин саны өсүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

