Тери рагына каршы уникалдуу дарыларды Назарбаев университетинин окумуштуулары иштеп чыгууда. Рак клеткаларынын өсүшүнө молекулярдык деңгээлде бөгөт койгон дарылардын таасири университеттин лабораториясында текшерилет. Эл аралык изилдөө тобун доктор Ахмед Элькамхави жетектейт. Ага 7 адам – университеттин PhD-студенттери жана алты бакалавриаты кирет. Жалпысынан, меланоманын өрчүшүн токтотуунун жаңы ыкмасы RAF ферменти – киназы ингибиторлорун колдонууну камтыйт.
Ахмед Элькамхави, NU профессорунун-жардамчысы:
- Бул ферментти бөгөттөө жана биз бул жерде тапкан кичинекей молекула менен
байланышуу аркылуу биз бул ферменттин организмдеги өрчүшүн токтото алабыз,
ошондуктан биз бул дарыны меланомду дарылоо үчүн колдонсок болот. Бул келечекте RAF
киназасы менен жасоого аракет кылып жаткан негизги нерсе. Менимче, кийинки
кадам, балким, биздин кошулманын
күчтүү туундуларын иштеп чыгуу болот жана биз кийинки этапка - клиникалык
сыноого өтсөк болот.
Окумуштуулардын
алгачкы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы абройлуу илимий басылмалардын биринде жарыяланды. Бул аларга клиникага
чейинки сынактын
кийинки этабына өтүүгө жана препаратты андан ары оптималдаштырууга мүмкүндүк
берет. Келечекте жаш изилдөөчүлөр залалдуу
шишикке
каршы башка дарыларды иштеп чыгууга ниеттенишүүдө.
Алия Аманжол, NU
докторанты:
- Биз
RAF ферменти
менен иштейбиз. Ошондой эле, менин экинчи диссертациям Jak-2 ферментин колдонууну
камтыйт. Бул өпкө рагын дарылоодо натыйжалуу. Башкача айтканда, биз адамдын
организминдеги ферменттик реакцияны жайлатуучу кичинекей молекулаларды түзөбүз.
Мындай аракет менен биз Raf ферменти менен гана эмес, Jak ферменти менен
да иштеп жатабыз, ошондой эле EGFR 2 муундагы ингибиторлорунун ролун изилдеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

