Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору жалпы элдик
талкууга коюлду. Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамынын тексти «Егемен Казакстан» жана «Казахстанская
правда» гезиттеринде, ошондой эле Конституциялык Соттун расмий сайтында
жарыяланды. Долбоорду иштеп чыгуу
менен атайын түзүлгөн Конституциялык реформа боюнча комиссия алектенди. Анын
курамына депутаттар, юристтер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана серепчилер – жалпы
120дан ашык катышуучу кирди. Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамынын долбоору жарандардан,
саясий партиялардан, коомдук уюмдардан жана серепчилерден түшкөн сунуштарды,
ошондой эле ачык коомдук талкууларды ар тараптуу талдоонун натыйжасында иштелип
чыкты. Сунуштар Конституциянын бардык бөлүмдөрүнө жана 77 беренесине тиешелүү
болду. Бул Баш мыйзамдын текстинин 84% түзөт. Мисалы, жаңы Преамбулада адамдын
укуктары жана эркиндиктери биринчи жолу мамлекеттин негизги артыкчылыгы катары
жарыяланды. Ал эми биримдик жана тилектештик, этностор аралык жана конфессиялар
аралык макулдашуу Казакстандын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы катары аныкталды.
Эгемендүүлүк жана көз карандысыздык, унитардуулук жана аймактык бүтүндүк
өзгөрүлбөс баалуулуктардын категориясына киргизилди. Негизги жаңылык –
кеңейтилген ыйгарым укуктары бар бир палаталуу Курултайды түзүү болду.
Конституциянын деңгээлинде адилеттүүлүк, мыйзам жана тартип, жаратылышка аяр
мамиле кылуу сыяктуу принциптер да биринчи жолу бекитилген. Мындан тышкары,
жаңы Баш мыйзамдын текстинин борбордук идеясы катары билим берүү жана илим,
маданият жана инновациялар аныкталган. Бул принципиалдуу маанилүү жагдай – ал
мамлекеттин келечеги казакстандыктардын жетишкендиктери менен аныкталарын баса
белгилейт. Конституциянын жаңы редакциясынын биринчи долбоорунда Преамбуланы,
11 бөлүмдү жана 95 беренени бекитүү сунушталууда. Белгилей кетсек, e-Otinish
жана eGov порталдары аркылуу сунуштарды чогултуу уланууда. Жаңы Конституция
боюнча акыркы чечимди өлкөнүн жарандары жалпы улуттук референдумда кабыл алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

