Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасы 4,1% өстү

Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасы 4,1% өстү

Казакстандын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ 4,1% өстү. Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаевге Премьер-министр Олжас Бектенов маалымдады. Өсүштүн кыймылдаткычтары болуп кайра иштетүүчү өнөр жай, транспорт жана курулуш тармактары, соода жана айыл чарбасы болду. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү 9,5 триллион теңгеге жетти. Премьер-министрдин айтымында, жылдын аягына чейин кайра иштетүүчү өнөр жайда 200гө жакын жаңы долбоор ишке киргизилет. Курулуш тармагында 20 миллион чарчы метрге чейин пайдаланууга берилет. Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин санариптештирүү жана улуттук AI-инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырманын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду. Олжас Бектенов «Маалымат борборлор өрөөнү» долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымдады. Президентке ошондой эле жаңы Конституцияны ишке ашыруу боюнча чаралар: мыйзамдарды Баш мыйзамга ылайык келтирүү, «Адилеттүү Казакстан», «Мыйзам жана тартип» принциптерин бекемдөө тууралуу маалымдалды. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн динамикалык өнүгүүсүн мындан ары камсыз кылуу боюнча тутумдуу ишти улантууну, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруунун масштабдуу программасын ишке ашырууну баштоону тапшырды. 


Которгон: Илгиз Жамалбеков