Астанада улуттук маданиятты жана салттуу казак тамактарын жайылтууга арналган BaiQymyz-2026 гастрофестивалы өттү. Эки күндүн ичинде иш-чарага 70 миңден ашуун конок келип, аларга 56 тонна кымыз сунушталды. Фестивалдын алкагында элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да сунушталды. Көргөзмөгө коюлган экспонаттардын арасында зер буюмдары, булгаары менен жыгачтан жасалган буюмдар, ат жабдыктары жана жылкы чарбачылыгынын маданиятына тиешелүү башка экспонаттар бар. Фестивалга жалпысынан Казакстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Кыргызстандан жана Саха Республикасынан 60тан ашуун кымыз өндүрүүчүлөрү катышты. Сунушталган салттуу суусундук негизинен даамы, сапаты, улуттук салттарга ылайык даярдоо өзгөчөлүктөрү боюнча бааланды.
Жумажан
Калтаев, «BaiQymyz-2026»
долбоорунун автору:
- Фестиваль катары менен экинчи жыл өткөрүлүп жатат. Менимче, ал элге жагып, жыл сайын чоң кызыгуу жаратууда. Анын негизги максаты – мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга кымыздын ар кандай түрлөрүн даамдап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Кымызды ата-бабаларыбыз илгертен эле колдонуп келген. Ал биздин маданиятыбыздын жана каада-салтыбыздын ажырагыс бөлүгү. Бирок мунун артында андан да чоң мааниси жатат – улуттун саламаттыгы. Кымыз витаминдерге бай жана ден соолук үчүн абдан пайдалуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

