Казакстан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча транзиттик ташуулардын көлөмү боюнча 33 миллион тоннага жетти. Бир жылда өсүү 20%ды түздү. 2026-жылдын биринчи кварталында эле көрсөткүч дагы 14%га өстү. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча транспорт жана кампалоо тармагындагы дүң өнүм 12 триллион теңгеден бир аз ашты. Ушул жылдын үчтүн айы-жалган куран айларында тармактын өсүшү дээрлик 13%га жетти. Бул маалыматтар Премьер-министрдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүк жыйында айтылды. Анда өлкөнүн транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Көңүл чордонунда инфраструктураны модернизациялоо, тармакты санариптештирүү жана анын экономикага кошкон салымын көбөйтүү маселелери болду. ЕАЭБдин ички чек араларындагы долбоорлор жыйында өзүнчө каралды. Ошентип, эки өткөрүү пунктунда иштер аяктады, дагы 37си 2027-жылы модернизацияланат. Транскаспий маршрутун өнүктүрүүгө – жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга, үзгүлтүксүз тарифтерди киргизүүгө жана санариптик системаларды өнөктөштөр менен интеграциялоого олуттуу көңүл бурулду. Жыйындын жыйынтыгында Олжас Бектенов бардык инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде деңиз жана аба транспорту тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле мамлекеттер аралык түйүндөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 100 миллион тоннага чейин кеңейтүү зарылдыгы баса белгиленди. Бул эл аралык ташууларга түрткү берип, өткөрүү пункттарынан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

