Жакында Атырау облусунда жаңы шамал электр станциясы ишке кирет. Учурда 500 гектардан ашык жерге 24 шамал генератору орнотулду. Курулушу эки жыл мурун башталган объект аяк оона айында пайдаланууга берилет. 31 миңден ашык калкы бар 3 конуш, 2 айыл жайгашкан Макат районунда электр энергиясына болгон суроо-талап жогору. Себеби, мунай аймагында өндүрүш жайлары жыл санап көбөйүп келет. Долбоор толук ишке киргенде бул шамал электр станциясы саатына 48 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Бул облустагы эки районду камтууга жетет дешет адистер.
Берлибек Айткожаев, участка башчысы:
- Азыр долбоор 70 пайызга бүттү. Бул жерди тандап алганыбыздын себеби дайыма шамал болуп турат. Керектүү нерселердин баары жетиштүү. Элде баары бар. Кудай буйруса, убагында бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков