Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17%га көп. Каражаттын басымдуу бөлүгү өнөр жайга, кыймылсыз мүлккө, транспортко жана кампада сактоого багытталган. Мында негизги каражаттар чакан ишканаларга жумшалды. Региондор боюнча айтсак, өлкөнүн 20 облусунда негизги капиталга инвестициянын өсүшү байкалат. Анын ичинде 338,4 миллиард теңге менен Маңгыстау облусу алдыга чыкса, 196 миллиард теңгеден ашык каражат тартылган Түркестан экинчи орунда. Ал эми Кызылорда аймагына 121,5 миллиард теңге инвестиция салынган. Ал эми эң аз өсүш Алматы, Түндүк Казакстан жана Атырау облустарына тиешелүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков