Борбор калаанын ишкерлери бизнести жүргүзүүнүн алдыңкы инструменттери жана механизмдери менен таанышышты. Астанада серепчилер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бизнести илгерилетүү боюнча кеңештерин беришти. Бизнес-конференциянын катышуучулары өз бизнесин кеңейтүүнүн, брендди калыптандыруунун заманбап ыкмаларын жана методдорун үйрөнүштү. 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иш-чара чакан жана орто бизнести каржылык эмес жагынан колдоонун уникалдуу аянтчасы болуп калды. Бул мезгил аралыгында программа 2600дөн ашуун ишкерлерди камтыды. Өткөн жылы эле 100дөн ашык ишкер адамдар бизнести тездетүү аркылуу өз кесибин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, эл аралык мунай компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Алмаз Жумашев, Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорлук менеджери:
- Биз ишкерлерге кеңеш берген серепчилерди
тартабыз. Алардын иш-аракеттеринин чыгымдары кайтарылгыс гранттын эсебинен
жабылат. Башкача айтканда, 75%га чейин төлөнөт. Ошондой эле окутуу курстарын
жана акселерациялык программаларды өткөрөт. Жыл сайын өлкөнүн батыш
аймактарында иш-чара уюштурчубуз. Биз көптөгөн ишкерлерге бизнес жүргүзүүнүн
оош-кыйыштарын үйрөттүк. Азыр өтүнүчтөр өзгөрдү. Көпчүлүктү каржылык менеджмент
жана инвестиция темалары кызыктыргандыктан, программа заманбап талаптарга
ылайык жаңыланып турат. Масштаб кеңейип, быйыл борборго жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

