Дүйнөлүк
азык-түлүк системасы трансформацияга муктаж.
Бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык чакырыктарга жооп
берүүнүн жалгыз жолу. Жаңы чечимдерге туруктуу айыл чарба технологиялары,
логистиканы өнүктүрүү жана сатуу рыногун кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба өнүмдөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн
жогорулатуу үчүн санариптик иштеп чыгуулар камтылууга тийиш. Казакстанда мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкө айыл чарба өнүмдөрү дүйнөлүк камсыздоочу
боло алат. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба
уюмунун башкы экономисти Максимо Тореро Астанадагы эл аралык форумда билдирди.
Максимо
Тореро, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы экономисти: (FAO)
- Албетте,
климаттын жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, айрыкча аймакка мүнөздүү суукка
туруштук бере турган сортторду киргизүү зарылдыгы азыр негизги көйгөй болуп
саналат. Менин оюмча, бул аймактык жана эл аралык катышуучуларды ушундай
маанилүү темаларды талкуулоого чогултуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Өзгөчө суу
ресурстары, бул сессиялардын бирине арналат. Суу жана күн башкы
элементтер болгондуктан, келечектин негизги кыйынчылыктары дал ушул нерселер
менен байланыштуу.
Интеграциядагы күч - ачык жана чынчыл диалог аркылуу
жалпы чечимдерди издөө. Серепчилер “Астана” эл аралык форуму бул ыкманын
биринчи жылдагы эффективдүүлүгүнүн мисалы экенин айтышат. Дал ушул жерде
натыйжалуу чечимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кызыктуу идеялар жаралат.
Андрей
Михнев, Дүйнөлүк банктын Казакстандагы жана Түркмөнстандагы туруктуу өкүлү:
- Биз
азыр ар кайсы өлкөлөрдүн ортосунда кандай экономикалык мамилелер бар экенин
кайра карап чыгуунун көп болгонун көрүп жатабыз. Көптөгөн позитивдүү учурлар
бар. Анын ичинде Борбордук Азияда. Дүйнөлүк лидерлер Казакстанда чоң дараметтерди
көрүп жатканын, анын ичинде коопсуздук жана азык-түлүк коопсуздугу маселелеринде
алдыңкы ролду ойной ала турган улуу өлкө экенин угуу маанилүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

