Курыкта паромго чейинки сорттоочу станцияны жана дан менен май өсүмдүктөрүн кайра жүктөө терминалын куруу пландалууда. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, бул объектилер Иран жана Кавказ аймагы багытында кубаттуулукту жогорулатат. Учурда «Курык» портунда көп функционалдуу «Саржа» деңиз терминалы салынып жатат. Натыйжада ички жана транзиттик жүктөрдүн кошумча көлөмүн тармак аркылуу кайра жүктөө башталат. Ошону менен бирге Актау деңиз соода портунда контейнердик хаб түзүү, ага чектеш акваториянын түбүн тереңдетүү, мунай алкактарын калыбына келтирүү жана жүктөөчү техникалардын паркын жаңылоо көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков