Кытай Казакстанда жалпы кубаттуулугу 1 гигаватт болгон жаңы гибриддик кайра жанма электр станциясын курууга ниеттенүүдө. Тиешелүү келишимге бүгүн Астанада альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү боюнча конференцияда кол коюлду. Ага Кытай менен Казакстандын тармак өкүлдөрү, адистери катышты. Алар эки тараптуу өнөктөштүктүн маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, кайра жанма энергиянын объектилери үчүн комплекттөөчү тетиктерди чыгаруу боюнча өлкөдө ишканаларды ачуунун келечектери жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Тараптардын өкүлдөрү белгилегендей, бул өнүмдөр келечекте коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна да жөнөтүлүшү мүмкүн. Кытайлык инвесторлордун тармакка инвестициясынын жалпы көлөмү 1 миллиард АКШ долларынан ашык болору күтүлүп жатат.
Алмат Кабыкенов, Казакстандын кайра жанма энергия ассоциациясынын башкы мүдүрү:
Ал гибриддик станция болот, башкача айтканда, болжол менен 400 МВт күн, ал эми 600 МВт шамал станциясы болот. Биз аймактардан — Жамбыл облусун, Алматы облусун, Чыгыш Казакстан облусун карап жатабыз. Кайра жанма энергия тармагында изилдөөлөр ошондой эле техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлөт жана андан кийин бул долбоор министрлер кабинетинин деңгээлинде өкмөткө сунушталат. Ошондо гана биз бул долбоорду кантип ишке ашырууну ойлонуштурабыз. Бүгүнкү күндө бизде жалпы энергетикалык баланстын 4%га жакыны бар. 2035-жылга чейин аны 15% га жеткиришибиз керек, болжол менен бир жылда биз 1 ГВтка чейин курушубуз кажет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков