«Жүрөгүбүз биримдик менен үндөшсүн» гала-концерти өттү

«Жүрөгүбүз биримдик менен үндөшсүн» гала-концерти өттү

Алматыда «The Planet of Art 2023» - «Жүрөгүбүз биримдик менен үндөшсүн» гала-концертинин видео версиясы өттү. Быйылкы музыкалык цикл Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Эл аралык диалогду тынчтык маданиятынын элчиси катары өнүктүрүүгө арналган. Белгилей кетсек, жайында Астанада өткөн гала-концерт чет элдик жана ата мекендик музыкалык маданият өкүлдөрүн бир аянтчада чогулткан. Иш-чара Казакстандык Улуттук ЮНЕСКО клубдары Федерациясынын уюштуруусу менен өттү.

Сабина Акжарова, ЮНЕСКО клубдарынын коммуникациялар жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-президенти:
- Бул жылы долбоор Казакстандан эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн таланттуу жаштардын чогулушу менен өзгөчөлөндү. Алар быйылкы жайда Алматы, Павлодар шаарларына келүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алды. Анда насаатчылардын, ошондой эле, чыгармачыл ишмерлердин катышуусу менен интенсивдүү окуу программасы өткөрүлдү. Андан кийин эки гала-концерт уюштурулду. Бул балдардын музыкалык, вокалдык, хореографиялык искусство жаатында чыгармачылык жөндөмүн эркин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу долбоор. Албетте, бул балдар үчүн чоң тажрыйба.

Белгилей кетсек, быйыл фестиваль бешинчи жолу өткөрүлдү. Финалга 12 жаштан 18 жашка чейинки 42 лауреат чыкты. Катышуучулар Казакстандын бардык аймактарынан, ошондой эле, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандан келди. Уюштуруучулар мындай иш-чаралар жаш таланттарды бир аянтка бириктиргенден сырткары, мамлекеттер ортосундагы достук байланышты чыңдап, дүйнөлүк музыка маданияты менен өз ара аракеттешүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенишет.

- Мага башка сынактарга караганда дал ушул конкурс-фестиваль абдан жакты. Көп адам менен тааныштым, бул менин өмүрүмдөгү өзгөчө орун ала турчу сынактардын бири болду десем жаңылышпайм.

- Укмуштуудай сезимдерге бөлөндүм. Бул концерттен көптөгөн досторду таптым. Биз баарыбыз жакын болуп калдык. Мен аларды күн сайын сагынам. Алар мен үчүн жакын адамымдай болуп калышты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков