Казакстанда камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын
штаты 4 эсеге көбөйөт. Өлкөдө бул тармакта иштегендердин санын 300дөн 1360ка
жеткирүү каралууда. Ошентип, 5 миң жашы жете элек казакстандыктарга жок дегенде
бир адис бекитилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин тармактык
комитети билдирди. Серепчилердин айтымында, Казакстан балдардын укуктарын
коргоо жаатындагы алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жигердүү киргизип жатат. Өлкөдө
жаш муундардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен социалдык жактан
колдоо үчүн бир катар адистештирилген борборлор иштейт. Бүтүндөй системаны
реформалоонун алкагында камкордук көрүү органдарынын адистери үчүн заманбап
методика боюнча окутуучу семинар-тренингдердин агымы ишке кошулду. Бул жолу
Астанада 160тан ашуун кызматкер чогулду. Үч күн бою Максут Нарикбаев
университетинде ыкчам чара көрүү, балдардын кызыкчылыгын коргоо, ошондой эле
тармакка санариптик чечимдерди жана инструменттерди киргизүү маселелери
талкууланат.
Рашед
Мустафа Сарвар, ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлү:
- Биз
акимиаттардын алдында балдардын укугун коргоо боюнча облустук жана райондук
департаменттерди түзүүнү колдойбуз. Бул бардык индикаторлорду, балдардын
укуктарын коргоо боюнча мамлекеттин бардык милдеттенмелерин аткарууга жаңы
импульс бере турган өтө маанилүү кадам. Сиздердин өлкөдө жаңы долбоорлор жүрүп
жатат. Казакстан бул багытта Борбор Азия өлкөлөрүндө лидер.
Насымжан
Оспанова, Билим жана илим министрлиги балдардын укуктарын коргоо комитетинин
төрагасы:
- Өлкөдө
калктын үчтөн бири балдар. Биз алардын билим алуусу, ден соолугу, социалдык
колдоосу жана үй-бүлөсү үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Бардык мамлекеттик
органдар ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш. Биз «5 миң бала-бир камкорчу» деген
эл аралык стандартка жакындап жатабыз. Бул балдардын укуктарын коргоо
маселесиндеги өтө маанилүү кадам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

