Мындан ары жер тилкелерине жана инфраструктуралык тармактарга уникалдуу номер берилип, ар бири интерактивдүү картага киргизилет. Башкача айтканда, автоматташтырылган санариптик тутум шаардагы имараттарга, курулуштарга жана инженердик тармактарга жана жашылдандырууга тиешелүү маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону камсыз кылат. Бул өз кезегинде тургундарга жана ишканаларга коммуналдык объекттерге тез кошулууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын 2023-жылдын аягына чейин толук ишке ашыруу пландаштырылууда. 2024-жылга карата бардык аймактык тармактар түгөлдөнөт.
Кайырбек Өскенбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
Бул унификация, жеке шайкештендирүү номерге окшоштугу боюнча архитектуралык пландоо тапшырмасын берүүнү, адам факторун болтурбоо, эскиздик долбоорду башкы мерчемдер жана деталдык долбоорлоо пландары боюнча системада координациялоону камсыз кылат. Ошондой эле, ал документтердин максатка ылайыктуулугун дыкат текшерүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:
Бул чаралар курулушту долбоорлоодо мүмкүн болушунча көп үнөмдөөгө жана курулуштун талаптарын так сактоого мүмкүндүк түзөт. Интерактивдүү карталарда бош турган жер тилкелери жана инфраструктура боюнча соңку маалыматтарды берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков