Казакстандын президенти Дохада Катардын Эмири менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев шейх Хамад бен Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу жеке көңүл айтты. Мамлекет башчысы анын күчтүү жана ийгиликтүү өлкөнү курууга кошкон чоң салымын белгиледи. Президенттин айтымында, шейх Хамад эки тараптуу мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөткөн. Ал өлкөгө эки жолу расмий сапар менен келген, анын жардамы менен Казакстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Өз кезегинде Эмир шейх Тамим бен Хамад Аль Тани Касым-Жомарт Токаевге жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Жыйынтыктап айтканда, мамлекет башчысы Катардын Эмирин Казакстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

