Археологдор Казакстандын түндүгүнөн Алтын Ордо дооруна таандык жаңы буюмдарды табышты. Жантай трактынан окумуштуулар «Алтын Ордо стандарты» деп аталган кыштын сыныктарын табышкан. Бул материал сарайларды, мечиттерди, күмбөздөрдү курууда колдонулган. Окумуштуулар ошондой эле орто кылымдагы таштын калдыктарын жана көрүстөндөрдү табышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жерде XIV–XV кылымдарга таандык талаа ак сөөктөрүнүн өкүлүнүн урматына курулган күмбөз болгон. Табылгандардын арасында металлдан жасалган зер буюмдар, импорттолгон шурулар жана Индия океанынан алынган каури кабыгы бар. Серепчилер бул кабык Улуу Талааны Түштүк Азия менен байланыштырган соода жолдорунун бар экенин тастыктайт деп эсептешет.
Елена Трушева, Эксперименталдык археология лабораториясынын жетекчиси:
– Биз алгач металл буюмдарына, экспонаттарга рентген-флуоресценттик талдоо жүргүздүк. Алар жогорку деңгээлдеги коргошун жана калай татаал жезден тураарын аныктадык, бул жергиликтүү Иртыш аймагындагы металлургиянын жогорку өнүккөндүгүн көрсөтөт. Ал эми шурулардын топтомун изилдөөдө, алардын баары импорттук өндүрүштөгүлөр экендиги аныкталды, бул да Алтын Ордо доорунда жергиликтүү калктын абдан алыскы экономикалык жана маданий байланыштарын тастыктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

