Мамлекет башчысы теле көпүрө аркылуу KIA Qazaqstan автоунаа заводун ачты

Мамлекет башчысы теле көпүрө аркылуу KIA Qazaqstan автоунаа заводун ачты

Казакстанда KIA Qazaqstan автоунаа заводу ишке кирди. Президент Касым-Жомарт Токаев өндүрүш очогун теле көпүрө аркылуу ачты. Ишкана Костанай шаарынын индустриалдык аймагында жайгашкан. Завод жылына 70 миң унаа өндүрө алат. Анын өнүмү Казакстан, Борбордук Азия жана Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн базарларына чыгарылат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Корея Республикасы – Казакстандын Азиядагы ишенимдүү өнөктөшү. Биз кызматташтыгыбызды күчөтүүгө кызыкдарбыз. Азыр Казакстанда Кореянын 800дөн ашык компаниясы ийгиликтүү иштеп жатат. Анын ичинде автоунаа жасоо тармагын өз ара пайдалуу ыкмалаштыктын булагы деп айтууга толук негиз бар. Бүгүн ачылып жаткан уникалдуу завод – ошонун айкын далили.


Касым-Жомарт Токаев заводдун ачылышы өлкөдөгү унаа жасоо тармагын өнүктүрүү багытындагы өтө маанилүү кадам экенине көңүл бурду. Былтыр бул тармакка 290 млрд теңгеден ашык инвестиция тартылды. Бул 2023-жылга салыштырмалуу эки жарым эсе көп.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул тенденция быйыл дагы уланууда. Жыл башынан бери бул тармакка 178 миллиард теңге каражат салынды. Инвесторлор Казакстанга чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Кеңири масштабдагы иш-чаралардын натыйжасында бул багытта бир катар ийгиликтерге жетиштик. Өткөн жылы өлкөбүздө 145 миңден ашык унаа чыгарылды. Астана, Алматы, Семей, Орал, Көкшетау, Костанай жана Саран шаарларында автоунаа өндүрүшүнө тиешелүү ишканалар иштеп жатат.


Өлкөдө KIA Qazaqstan заводунун ишке кириши бул тармакты технологиялык жактан жаңыртууга зор түрткү берери шексиз. Ишкана келечекте башка да жаңы унаа түрлөрүн чыгарат. Ошентип, Казакстанга бул өнүм менен тышкы рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк болмокчу. Ата мекендик унаа өндүрүшүнүн өнүгүшүнө жаңы дем берип, бүтүндөй мамлекеттин индустриалдык дараметин күчөтөт. Заводдогу бир жарым миң орундун ар бири логистикада, сервистик тармакта жана инфраструктурада кошумча беш-алты жумуш ордун түзөт. Мамлекет башчысы KIA компаниясынын Президенти Хо-сунг Сонгду ІІ даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков