Мамлекеттик символдор
күнүнө карата борбор калаада биринчи символ таануучу Ербол Шаймерденовду
эскерүү конференциясы өттү. Ал мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары көз
карандысыз Казакстандын символдорунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон коомдук
ишмер. Улуттук геральдиканын калыптанышына активдүү катышкан. Ал бул темалар
боюнча илимий-изилдөө иштерин жазган. Адабий чөйрөдө да кол тамгасын калтырды.
Бир нече ыр жыйнагы жарык көрдү. Публицистикалык жыйнактар руханий мурас фондун
толуктады. Ербол Шаймерденов бүт өмүрүн өлкөнүн маданиятын, басма сөзүн, тил
чөйрөсүн өнүктүрүүгө арнаган. Бүгүнкү күндө окумуштуулар анын жарыяланбай
калган эмгектерин изилдөөгө басым жасашууда.
Куаныш Жиенбай, жазуучу:
- Анын символдордон,
афоризмдерден жана публицистикадан тышкары жыйырмага жакын поэзия китептери
бар. Анын ыр жыйнактарына бир нече композиторлор обон жараткан. Анын ырлары,
ырларына жазылган сөздөрү да, ушул күнгө чейин айтылып келе жатат. Айтыла элек,
жарыяланбаган адабий чыгармалары, адабий котормолору дагы эле элдин руханий
байлыгына айлана элек. Ал биздин келечектин иши.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

