Казакстанда 14 миң чакырым сугат системасы кайрадан курулат

Казакстанда 14 миң чакырым сугат системасы кайрадан курулат

Казакстандын 14 миң чакырым сугат системасын кайра куруу мерчемделүүдө. Республиканын суу ресурстары жана ирригация министрлиги суу чарбачылыгын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыкты. 2024-2030-жылдарга арналган документте тармакты жакшыртуу боюнча бир катар иш-чара камтылган. Муну менен катар, анын алкагында өлкө аймагында 20 жаңы суу сактагыч куруу жана колдонуудагы 15 кайра калыбына келтирүү көздөлгөн. Ушул жана башка иш-чаралардын жыйынтыгында министрлик тургундарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууну, республикадагы суу корун арттырып, сугат жерлердин аянтын көбөйтүүнү жана суу чыгымын  азайтууну көздөп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков