Казакстандык режиссёр Токио кинофестивалында сыйлыкка ээ болду

Казакстандык режиссёр Токио кинофестивалында сыйлыкка ээ болду

Режиссёр Дарежан Өмирбаевдин «Акын» тасмасы Токио эл аралык кинофестивалында «Мыкты режиссёр» сыйлыгын жеңип алды. Тасма техниканын заманында түшүнүксүз жана актуалдуу болбой калуудан корккон акындын тагдырын баяндайт. Сценарий немис жазуучусу Герман Гессенин «Автордук кече» повестинин негизинде тартылган. 2019-жылы долбоор Улуттук кинематографияны колдоо боюнча мамлекеттик борбор тарабынан уюштурулган сынакта жеңүүчү болгон. Тасманы тартуу иштери Алматы шаары жана облусунда, ошондой эле, Атырауда - Махамбет Өтемисулы күмбөзүнүн жанында болгон. Белгилей кетсек, Токио эл аралык кинофестивалы кинопродюсерлер ассоциацияларынын эл аралык федерациясы тарабынан аккредитацияланган дүйнөдөгү 15 алдыңкы кинофестивалга кирген абройлуу иш-чара болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков