ЖОЖдордо суперкомпьютерлердин кластери түзүлүүдө

ЖОЖдордо суперкомпьютерлердин кластери түзүлүүдө

Казакстандын жогорку окуу жайларында суперкомпьютерлер орнотулуп жатат. Азыр мындай эсептөө кубаттуулугу эки жогорку окуу жайында бар. Бири – Алматыдагы Казак улуттук университети болсо, экинчиси – Астанадагы Евразия улуттук университети. Илим жана жогорку билим вице-министри Талгат Ешенкуловдун айтымында, эки окуу жайында тең маалыматтарды акылдуу башкаруу системасы кошулган. Алдыда суперкомпьютер өлкөнүн башка да окуу жайларында орнотулат. Эске сала кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаев 3 жылда Казакстанды толук санариптик өлкөгө айландыруу милдетин койгон.

Талгат Ешенкулов, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим вице-министри:

- Аларды өз изилдөөсүндө суперкомпьютер колдонгусу келген башка окумуштуулар да пайдалана алат. Албетте келечекте суперкомпьютерлер башка да ЖОЖдордо орнотулушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз. Бирок азыркы колдо бар маалыматтар базасын иштетүү үчүн ушул эки суперкомпьютердин кубаттуулугу жетиштүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков