Жамбыл облусунда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат

Жамбыл облусунда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат

Чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жайды өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү. Бул маселелер Премьер-министрдин биринчи орун басарынын Жамбыл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө башкы орунду ээледи. Тактап айтканда, Нурлыбек Налибаев химия тармагында жаңы ишканаларды түзүү менен таанышты. Алар ички рынокту ата мекендик өнүм менен камсыз кылууга гана эмес, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да тийиш. Бүгүнкү күндө аймакта ири инвестициялык долбоорлордун бири ишке ашырылууда - Qazaq Soda заводунун курулушу жүрүп жатат. Ишканада жылдын аягына чейин жылына 500 миң тонна кальцийленген сода өндүрүү кубаттуулугу менен биринчи этабын ишке киргизүү пландалууда, андан кийин 1 миллион тоннага чейин көбөйтүлөт. Вице-премьер ошондой эле 500 миллиард теңгелик инвестициялык долбоор ишке ашырылып жаткан «ЕвроХим-Каратау» заводуна барды. Толук кубаттуулукка чыккандан кийин бул жерде жылына 1 миллион тоннага чейин минералдык жер семирткичтер өндүрүлөт. Мындан тышкары, вице-премьер турак жай курулушу, энергетика жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн текшерди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков