Казакстандын президенти Борбордук референдум комиссиясынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти Борбордук референдум комиссиясынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти Борбордук референдум комиссиясынын төрагасын кабыл алды. Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге республикалык референдумду уюштуруу жана даярдык иштери тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы референдумду өткөрүү жүрүшүндө ачыктыкка, мыйзамдуулукка жана бардык жаранга бирдей шарт түзүү керектигине көңүл бурду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков