Астана эл аралык фиджитал-турнири «Келечек оюндарына»
конок тосууга даярданып жатат. Эске салсак, ал теке айынын 29да башталат. Өлкө
премьер-министри масштабдуу спорттук иш-чараны өткөрүүгө борбордун даярдыгын
текшерди. Олжас Бектеновго объекттерде санариптик жабдуулардын үзгүлтүксүз
иштеши камсыздалганы, катышуучулар жана коноктор үчүн аянтчалар даярдалгандыгы,
ошондой эле ыктыярчылар борборунун иши үчүн шарттар түзүлгөндүгү тууралуу
маалымдалды. Коопсуздук, логистика жана тейлөө сапаты маселелерине өзгөчө көңүл
бурулду. Турнир Европа, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Латын Америкадан 35 өлкөдөн
миңге жакын спортчуну чогултат деп күтүлүүдө. Казакстанды мелдеште 11 команда
көрсөтөт. Жалпысынан, катышуучулар фиджитал-футбол, баскетбол, уруш өнөрү жана
бий сыяктуу сегиз дисциплинада байгелер үчүн ат салышат. Жалпы байге фонду 4
миллион доллардан ашат. Туризм жана спорт министрлиги эл аралык турнир
Казакстанга 10 миңге жакын чет элдик туристти тартып, тармактын өнүгүшүнө
кошумча түрткү берет деп эсептейт.
Алибек Хасенов, «Келечек оюндары
2026» даярдык көрүү жана уюштуруу дирекциясынын жетекчиси:
– Бул фиджитал деп аталган мелдештердин заманбап форматы, мында спортчулар жана атлеттер бир эле учурда эки ченемде – санариптик дүйнөдө жана физикалык дүйнөдө жарышат. Мелдештер борборубуздун 4 спорт объектисинде өтөт. Ар бир объектиде 2 дисциплинадан болот, ал эми «Казакстан» жеңил атлетика манежи гана 3 дисциплинаны – футбол, баскетбол жана ММАны кабыл алат. Бул бизде, Борбордук Азияда биринчи жолу өтүп жаткан мелдештер, анда бир нече дисциплина боюнча планетанын эң күчтүү клубдары катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

