Казакстанда алдыдагы Конституциялык реформа эл аралык
коомчулуктун да көңүлүн бурууда. Чет элдик талдоочулар өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү
түз жана өнүккөн демократияга карай кадам катары баалашууда. Француз саясат
таануучусу Эммануэль Дюпьи Президент Касым-Жомарт Токаев Курултайдагы сөзүндө
реформанын максаттарын кеңири түшүндүрүп бергенин белгилейт. Бул жаңы
институционалдык архитектураны жана ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүнү
жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Серепчи эл аралык стандарттарга жооп бере
турган жарандык консультациялардын механизми катары Элдик кеңешти түзүүгө
өзгөчө көңүл бурат.
Эммануэль Дюпьи, «Европадагы
келечек жана коопсуздук институту» аналитикалык борборунун мүдүрү / Франция:
- Европада, анын ичинде Францияда да биз коомдун
динамикасын жакшыраак чагылдырган моделдерге умтулуп жатабыз. Жалпысынан
алганда, бул Президент Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында айткан
тезиске толугу менен дал келет: «Күчтүү Президент – Таасирдүү парламент – Отчёттуу
өкмөт». Бул формула туруктуу, мыйзамдуу жана жаңыланган лидерликке умтулууну
чагылдырат, ал институттарды трансформациялоого багытталган. Анткени
институттар өлкөнүн кайсы багытты тандап жатканы жөнүндө – орто держава катары,
турукташтыруучу мамлекет катары, бардык кошуналары менен жакшы коңшулук
мамилелерди түзүүгө умтулган өлкө катары көп нерсени айтып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

