Курмангазынын күүлөрү дүйнөлүк стриминг платформаларына чыкты

Курмангазынын күүлөрү дүйнөлүк стриминг платформаларына чыкты

Курмангазынын заманбап ыкмадагы күүлөрү Spotify, Apple Music жана Яндекс Музыка сыяктуу дүйнөлүк ири стриминг платформаларында жарык көрдү. Дебюттук альбомго улуу казак композитору жана күүчүсү Адай, Сары-Арка, Балбыраун, Серпер, Алатау жана башка он чыгармасы кирген. Бул креатив индустрияны өнүктүрүү фондунун алдында түзүлгөн Qazaq Creative Production компаниясынын биринчи музыкалык релизи. Маданият жана маалымат министрлигинин ишеними боюнча, альбом дүйнөлүк аудиторияны казак музыкалык маданиятынын бай мурасы менен жакындан тааныштырууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан, долбоор заманбап технологиялар жана санариптик платформалар аркылуу ата мекендик музыкалык искусствонун мыкты үлгүлөрүн жайылтууга багытталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков