Казакстан президенти Маданият жана маалымат министрин кабыл алды

Казакстан президенти Маданият жана маалымат министрин кабыл алды

Казакстандын маданиятын чет өлкөлөрдө таанытуу. Мындай тапшырманы Касым-Жомарт Токаев Маданият жана маалымат министрлигине койду. Бүгүн Казакстандын президенти Аида Балаеваны кабыл алды. Буга кошумча мамлекет башчысы маданий-тарыхый жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чыгармачылыкты колдоого багыттоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары, министрликке институционалдык жактан колдоо көрсөтүү жана чыгармачыл тармактарды тездетүү боюнча иштерди жигердештирүү милдети жүктөлдү.

Аида Балтаева, маданият жана маалымат министри:

-Мамлекет башчысынын кабыл алуусунда мен Маданият жана маалымат министрлигинин ишинин жыйынтыгы, ошондой эле мекеменин мындан аркы ишмердүүлүгүнүн келечектүү жолдору тууралуу маалымат бердим. Ошондой эле маалымат, маданият, чыгармачыл индустрия, жарандык коом, дин жана этностор аралык мамилелер, жаштар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдадым. Өзүм жетектеген тармактарды өнүктүрүү боюнча министрликтин пландарын жарыяладым. Бул уюштуруу жана мыйзам чыгаруу иштерине тиешелүү. Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Жакынкы арада биздин министрлик аларды ишке ашыра баштайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков