Казакстанда хромду кайра иштетүүчү завод курулат

Казакстанда хромду кайра иштетүүчү завод курулат

Казакстанда хромду терең иштетүүчү завод салынат. Аталган чийки зат кору үчүн Актөбе облусу тандалып алынды. Ага Кытайдын бул тармактагы ири компаниясы 500 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Бул компания КЭРда хром иштетүү рыногунун төрттөн бир бөлүгүн камтыйт. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жалпы келишимге келишти. Өндүрүш ишке киргизилгенден кийин жылына 200 миң тоннага чейин өнүм чыгарууга даяр болот . Заводдун жогорку технологиялык өнүмдөрү космос тармагында, унаа жасоодо, электроника жана химия өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Серепчилердин айтымында, бул долбоор бир гана ишкана менен чектелбейт. Анын айланасында жаңы өндүрүштөр пайда болуп, химиялык-металлургиялык кластерлерди түзүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Ошондой эле өлкөнүн бул багыттагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.

Тан Шуанцюань, «Sichuan Yinhe Chemical Co., Ltd.» компаниясынын аткаруучу мүдүрү:

– Кытай азыркы учурда жогорку технологиялуу хромду кайра иштетүү тармагындагы дүйнөлүк рыноктун болжол менен 50% ээлейт. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү ресурстар керек. Ошондуктан Казакстанды, тактап айтканда, Актөбе облусун тандоонун негизги себептеринин бири ушул. Биз Казакстанда заманбап үлгүдөгү завод куруп, жогорку технологиялуу өнүмдү башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгарууну пландап жатабыз.

Нургазы Ануарбеков, «KAZAKH INVEST» улуттук компаниясынын департамент мүдүрү:

– Инвесторлор тарабынан КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жок, жалпы дүйнөгө теңдешсиз хромду терең иштетүүгө байланыштуу колдонулуучу технологияларды алып келүү пландаштырылган. Башкача айтканда, долбоорлорду ишке ашырсак, Казакстан хромду терең иштеткен дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков