Казакстанда темир жол бекеттерин масштабдуу жаңылоо уланууда. Аяк оона айынын аягына чейин өлкө боюнча 124 объект модернизациядан өтөт. Долбоор Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда. Реконструкциянын негизги пункттарынын бири «Алматы-1» бекети болду. Бул жерде эски инженердик тармактар демонтаждалып, перрон жаңыланып, объект убактылуу электр энергиясы менен камсыздалды. Ошол эле учурда заманбап технологиялык жабдуулар жеткирилип жатат. Өткөн кылымдын 70-жылдарында курулган имаратка тарыхый көрүнүшүн кайтаруу пландалууда. Ошондуктан, жасалгалоо үчүн табигый таш колдонулат. Учурда объекттин даярдыгы 40% жетти.
Ерсултан
Ержанов, Транспорт
министрлигинин башкы серепчиси:
- Отуз төрт атайын техника жана
500дөн ашык жумушчу тартылып, жумуш түнкү жана күндүзгү нөөмөттөрдө уюштурулууда.
Курулуш аяктагандан кийин бизде заманбап, ыңгайлуу жана эң негизгиси коопсуз
станция болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген
адамдар үчүн да өзгөчө шарттар түзүлүп, кошумча ыңгайлуулуктар каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

