Президент ТКОну тик учак менен кыдырды

Касым-Жомарт Токаев Түндүк Казакстан облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызылжар районун, Петропавлдын чет жакаларын, ошондой эле, Сергеев суу сактагычын тик учак менен кыдырды. Облустун акими президентке селдин абалы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, облустун алты районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Касым-Жомарт Токаев тургундар менен жолугушууда мамлекет тарабынан бардык колдоо чаралары көрүлүп, ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн дагы бир жолу баса белгиледи. Ошентип, кырсыктан жапа чеккендердин бардыгына бир жолку төлөмдөн тышкары, материалдык зыяндын орду да толтурулат. Калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлардын ордуна жашоочуларга бардык керектүү инфраструктураны камтыган жаңы турак жайлар курулат. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Биз азыр оор мезгилди баштан кечирип жатабыз. Бул жалпы улуттук кырсык. Башка жагынан алганда, позитивдүү белгилер азыртадан эле байкалууда. Суу акырындык менен агып кетип жатат. Жакынкы 10 күн эң оор болот деп ойлойм, бирок азыр биз бүтүндөй өлкөнү реконструкциялоо жана бул кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ойлонуп, чараларды көрүп жатабыз. Жогоруда айтып өткөндөй, Өкмөт эч бир жаранды тиешелүү камкордуксуз калтырбайт. Төлөмдөр башталды. 

Президент белгилегендей, кырсыктан жапа чеккен ар бир казакстандыкка колдоо көрсөтүү анын башкы артыкчылыгы болуп саналат. Ошондуктан, суу каптоонун оор абалын эске алып, бюджетти үнөмдөө үчүн Өкмөткө, мекеме жана акимчиликтерге имидждик жана башка ири иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Петропавлдагы суу түйүнүн кыдырып көрдү. Анын аркасында Есил дарыясынын агымы Сергеев жана Петропавл суу сактагычтарын толтуруу жана агызуу аркылуу жөнгө салынат. Облус акиминин айтымында, суу ташкыны Есилдеги муздун активдүү эришинен жана Акмола облусунан келген суунун кесепетинен пайда болгон. Кырдаалды дарыядагы муз тыгыны курчуткан. 

Шугаип Ибатуллин, «Казсуучарба» ишканысынын мүдүрү: 

- Эки суу сактагыч тең 2022-жылы көп факторлуу текшерүүдөн өтүп, анын техникалык абалы канааттандырарлык деп табылган. Бүгүнкү күндө облустагы эки суу сактагыч тең штаттык графикке ылайык иштеп жатат.  

Райондун куткаруучулары, ыктыярчылары жана тургундарга колдоо көрсөтүп жаткан ишкерлер менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал учурунда казакстандыктардын жогорку биримдигин дагы бир жолу белгилеп, бардыгына ыраазычылык билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков