Казакстанда «Хроникадан келечекке» республикалык
кинолекторийи уланууда. Президенттин телерадиокомплексинин 30 жылдыгынын
алкагында ишке ашырылып жаткан масштабдуу агартуу долбоору. Кулжа айынын 15-22 күндөрү аралыгында Актау, Атырау,
Орал
жана Актөбе
шаарларында автордук документалдык
тасмалар көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө Президенттин
телерадиокомплексинин өздүк продакшн-базасы болгон Документалдуу кино
борборунун мыкты эмгектери сунушталат. Киносеанстарга каалоочулардын баары
катыша алышат. Актауда «Арал» жана «Тамчы» фильмдери көрсөтүлдү. Акыркы тасма
Каспий деңизин жана анын уникалдуу фаунасын сактоого өз демилгеси менен жардам
берген жергиликтүү экологиялык ыктыярчылар жөнүндө баяндайт. Тасманын авторлору
казакстандыктардын мамлекет башчысынын «Таза Казакстан» жалпы улуттук
экологиялык демилгесин ишке ашырууга кошкон салымын көрсөтүштү.
Назжан Сарсенбай, Актау шаарынын тургуну:
– Каспий деңизи өзгөчө көңүл бурууну жана этият мамилени талап кылат. Бул сүрөт көрүүчүлөргө уникалдуу суу объектисин сактоонун маанилүүлүгүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Актау тургундары үчүн Каспийди коргоо темасы өзгөчө мааниге ээ. Тасма деңизди жана анын экосистемасын сактоо эмне үчүн регион эле эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү экенин айкын көрсөтөт. Долбоордун аркасында дагы көптөгөн казакстандыктар суу объектисинин табигый байлыгына кам көрүүнүн зарылчылыгы жөнүндө биле алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

