Жошы
хандын жашоосундагы маанилүү учурлар, маданий жана саясий мурасы, ошондой эле
анын Казак мамлекетинин калыптанышындагы ролу. Бул тууралуу белгилүү журналист,
тарыхый даректүү тасмалардын автору Майя Бекбаева «Жошы хан. Улуу Улустун
башкаруучусу»
аттуу китеп жыйнагында баяндайт. Алматыда Чыңгыз хандын тун уулу Жошы хандын
өмүрүнө жана мурасына арналган басылманын бет ачары болду. Чыгарма казак, орус жана англис тилдеринде жазылган.
Майя Бекбаева, китептин автору:
- Китеп Жошы хан тууралуу
даректүү тасманын чыгар алдында жарык көрдү. Биз бул тасманы Поезидент
телерадио комплекси менен биргеликте тарттык. Китепте жазылган окуялар даректүү
тасмада кездешпейт. Бул басылмада биз Алтын Ордонун түзүлүү тарыхына кеңири
токтолобуз. Буга чейин айтыла элек жаңы тарыхый фактылар келтирилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков