Жасалма
интеллект айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, суу менен жер
семирткичти керектөөнү азайтат. Башкача айтканда, жер иштеткен дыйкандардын
ишин оптималдаштырат. AI SANA улуттук программасынын алкагында билим алып
жаткан студенттер эгин талааларына мониторинг жүргүзүп, заманбап дрондор
аркылуу санариптик чечимдерди ишке ашырышты. Программанын биринчи этабы аяктап,
9 миңден ашуун сертификат тапшырылды. Студенттер ушуну менен токтоп калбайт.
Алар нейрон тармактарын колдонуп, өздөрүнүн стартап долбоорлорун жасашат.
Университетте бардык шарттар түзүлгөн. Ал жерде акылдуу лаборатория, жасалма
интеллект жана дрон киргизүү борборлору иштейт.
Зауре Оразалина,
санариптик офицер, Казак улуттук агрардык изилдөө университети PHD:
- Бул стартаптар
эл аралык деңгээлге чыга алат. AI-Sana программалык камсыздоосу бул
мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Бул – стартаптардын агроөнөр жай комплекси
тармагында эл аралык деңгээлге чыгуусу. Киреше алып келүүсү. Биздин университет
аталган комплекске ветеринардык адистерди, анын ичинде агробиологдорду
даярдайт.
Программага өлкөнүн башка университеттери катышууда. Атап
айтканда, эл аралык маалыматтык технологиялар университети жана Коркыт Ата
атындагы университет санариптик технологиялар жаатында адистерди даярдашат.
Жалпысынан өлкө боюнча 26 жогорку окуу жайдын студенттери нейро тармактын
негиздерин өздөштүрүштү. Ал эми кеңири аудиторияга арналган базалык курстарды
650 миңден ашык угуучулар ийгиликтүү аякташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

