Казакстандык окуучулар адам формасындагы робот жасап чыгарышты

Казакстандык окуучулар адам формасындагы робот жасап чыгарышты

Бул роботтун аты – «Одиссей». Аты акылмандыктын жана билимдин символу болгон байыркы грек баатырынын ысымы менен байланыштуу. Акылдуу машина ар кандай суроолорго жооп берип, викториналарды уюштурат. Ошондой эле робот өз алдынча кыймыл жасап, класстагы окуучулардын санын да эсептейт. Ойлоп табуунун авторлору мындай жардамчы мугалимдин ишенимдүү шеригине айланарын айтышат. Бул робот борбор шаардагы мектептердин биринде кураштырылган. Жакында ал эки тилде сүйлөй турган болот. Келечекте мындай роботторду ар бир класска орнотуу көздөлүп жатат.

Дастан Сатуов, робототехника сабагынын мугалими:

- Робот окуучулардын ашыкча кыймылын аныктай алат. Ар бир билим алуучуга жеке индекс берилет. Ошонун жардамы менен ал ким эмне кылып жатканын, бала артка бурулдубу, же телефондон көчүрүп жатабы – баарын каттап, мугалимге кабарлап турат. Биз бул роботту толук өркүндөтүп, кийин башка класстарга да коюуну пландап жатабыз.

Атыраулук окуучу аралыктан окутууга арналган смарт-робот ойлоп тапты. Бекарыс Ерик уулунун куралы видеосабак өткөрүп, окуу материалдары менен тааныштырат. Атүгүл буйрук бергениңе жараша кыймылдай да алат. Курулуму жөнөкөй жана колдонууга ыңгайлуу. Акылдуу жардамчы Bluetooth аркылуу смартфон менен башкарылат. Wi-Fi'дын жардамы менен видеобайланышка чыгат. Окуучунун өнөр табышы мектептерге гана эмес, ооруканалар менен мамлекеттик мекемелер жана кызмат көрсөтүү борборлоруна да керек деп эсептейт. Эми максаты – эмгегин жасалма интеллект менен жабдыктап, толук автоматташтыруу.

Бекарыс Ерик уулу, долбоордун автору:

- Роботтор 5 жылдан 10 жылга чейин иштейт. Менде атайын сайт бар. Ошол аркылуу дарыгер же башка дагы каалаган адис роботтун жардамы менен аралыктан иштеп, кардарлары менен байланыша алат. Ал эми окуучулар менен мугалимдер үчүн бул – онлайн сабак өткөрүү жана байланышта болуунун алмашкыс ыкмасы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков