Түрк мамлекеттери биргеликте космоско CubeSat спутнигин учурат. Учурда аны кураштыруу ишине Өзбекстандан адистер тартылды. Казакстан былтыр курулушту баштаган. Бул илимий-техникалык спутник болууга тийиш. Анда изилдөө жүргүзүү үчүн камера жана бир нече аппараттар орнотулат. Негизги милдет – спутниктин өзүн сыноо. Андан соң долбоор ийгиликтүү ишке ашса, ал космоско жөнөтүлүп, чек араларды жана айыл чарба аймактарын аныктоо фотосүрөткө тартуу үчүн колдонулат. Түрк тилдүү беш мамлекет – Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кыргызстан жана Азербайжандын ортосунда космос мейкиндигин биргелешип изилдөөгө багытталган эл аралык келишимге былтыр кол коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

