Казакстандык окуучулар планетанын эң күчтүү химиктери болушту

Казакстандык окуучулар планетанын эң күчтүү химиктери болушту

Казакстандык окуучулар Бириккен Араб Эмираттарында химия боюнча эл аралык олимпиадада дароо төрт медаль жеңип алышты. Эки сыйлык алтын, ал эми экөө күмүш. Ошентип, жергиликтүү окуучулар дагы бир жолу планетанын эң мыкты жаш химиктери деген наамын тастыкташты. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги белгилегендей, окуучулардын жетишкендиктери казакстандык билим берүүнүн дүйнөлүк аренада жогорку сапатынан жана кадыр-баркынан кабар берет. Дүйнөдөгү эң абройлуу интеллектуалдык мелдештердин бирине дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн 360тан ашык окуучу катышты. Белгилей кетсек, өткөн жылы химия боюнча олимпиадада казакстандык окуучулар 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков