Казакстанда 30 миң мамлекеттик кызматкер жасалма интеллектке окутат

Казакстанда 30 миң мамлекеттик кызматкер жасалма интеллектке окутат

Казакстанда жылдын аягына чейин 30 миң мамлекеттик кызматкерди жасалма интеллект менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү пландалууда. AI Qyzmet курсун санариптик өнүгүү министрлиги Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик менен биргеликте иштеп чыккан. Программанын катышуучулары ChatGPT, Claude, Gemini, Mistral сыяктуу алдыңкы платформалардын мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүшөт. Нейрон тармактарынын жардамы менен адистер иш процессин оптималдаштыра алышат.

Альмира Байгазина, СӨИАӨЖМнин Иновациялык өнүгүү боюнча комитетинин башкаруу эксперти:

- Жалпысынан курс 6 модулдан жана 32 видеодон турат. Аны онлайн, ошондой эле офлайн форматта да өтсө болот. Курс Астана хаб платформасында жайгашкан, ал ушул жылдын бугу айында башталган. Учурда аны 11 382 мамлекеттик кызматкер өтүп, сертификат алышты.

Сертификаттын ээлеринин бири - Коргоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Арман Калышев. Ал - алган билимин азыртан эле активдүү колдонуп жатканын моюндады. Курска жумушта зарыл болгон куралдар кирген - пландоо, маалыматты иштеп чыгуу, талдоо.

Арман Калышев, Коргоо министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси:

- Азыр «Army KZ» аттуу жаңы жасалма интеллект агенти киргизилип жатат. Ал тестирлөө баскычында. Биздин коргоо ведомствосунда психологиялык жана тарбиялык маалыматтык колдоо бар. Жасалма интеллект аны иштеп чыгууга, жыйынтыктарды талдоого, ошондой эле башка актуалдуу маселелерди чечүүгө жардам берет.

Которгон: Назира Бегалиева