Казакстан менен Кытай өз ара гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы этабына киришти. Бээжин тил жана маданият университети филиалынын алгачкы студенттерине окуу башталды. 100 жаш казакстандык, кош дипломдуу программанынын негизинде кытай тили котормочусу кесибин өздөштүрүү үчүн Кытайдын мыкты мугалимдеринен билим алат. Жергиликтүү студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кытай университетинин фондунан чогултулган бардык билим берүү ресурстары жана усулдук колдонмолор жеткиликтүү болот. Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн алдыңкы университетинин бөлүмү Астанада эки мамлекет башчыларынын катышуусунда ачылды. Белгилей кетсек, бул Бээжин университетинин дүйнөдөгү үчүнчү филиалы. Университеттин өкүлдөрү анын Казакстанда ачылышы эки тараптын тыгыз байланышынан кабар берерин белгилешти.
Чжан Баоцзюнь, Бээжин тил жана маданият университетинин вице-президенти:
– Бээжин тил жана маданият университетинде үч окшош брэнч-кампусу бар. Тактап айтканда, Бангок менен Токио эми Астанада да ачылды. Казакстандагы филиал эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоого, илимий-билим берүү, экономика, маданият жана башка тармактарды өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз. Казакстандын президенти бул окуу жайда окуп, кытай тилин жакшы өздөштүргөнүн бир нече жолу билдирген. Миллиондогон кытайлар анын билим деңгээлине таң калышат. Бул азыркы студенттерди шыктандырат деп ойлойм. Биздин университетке киргендер өздөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Студенттер Казакстан менен Кытайдын маданияты менен таанышат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков